Реклама учун орун!
www.muslim.kgИслам дининде эмгектенүүнүн каралышы
Бул дүйнөдө ар бир адам бактылуу жашоону самайт. Ал эми бактылуулуктун башаты болсо эмгектенүүдө жатат. Анткени, айрым адамдар үчүн бактылуулук кандайдыр бир деңгээлде материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болууга көз каранды. Адамдын материалдык жана финансылык жактан жакшы абалда болуусу үчүн ал адамдын эмгек кылуусу, иштөөсү керек. Кылымдарды карыткан кыргыз элинде да «иштебеген тиштебейт» деген ары кыска, ары нуска накыл сөз бар.
Ажылык
Ажылык ибадатынын жеке адамга жана коомдук жашоого байланышкан эки өзгөчөлүгү бар. Коомдук жашообузга байланыштуу жагы мусулмандардын социалдык, саясий жана экономикалык турмушуна шартталган. Ажылык көптөгөн пайдаларды алып келген мусуландар аралык конгресси деп да атасак болот. Бул тууралу биздин көңүлүбүздү бурган негиздердин айрымдарына токтоло кетели:
Даарат алуунун сырлары
Даараттын, гусулдун, тырмактарды алыштын, муруттарды кыскартуунун жана башка тазалыктардын сыры өзгөчө батыштыктар тарабынан көпкө чейин бааланбай келген. Бирок микробдун къч алышы менен, жугуштуу оорулардын пайда болушу аныкталгандан кийин гана Ислам дининин даанышман сырлары акырындап ачыла баштаган. Кылымдар өткөндөн кийин жүргүзүлгөн изилдөөлөр аркылуу исламдагы тазалыктын маңызын туура түшүнө башташкан.